Жер кодекси Баш мыйзамга шайкеш келтирилет

“КРнын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 4-апрелде ЖКнын жыйынында каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Эсенгул Исаков долбоор аркылуу мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү белгиленгендигин түшүндүрүп берди. Жер кодексинде жайыттар жана чөп чабылуучу аймактар менчикке берилиши мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми Баш мыйзамда болсо жайыттар мамлекеттин менчиги катары каралган. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан