22 адамдын өмүрүн алган Манчестердеги жардырууга шектүү кармалды

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы стадиондо концерт маалында жардырууну уюштурган жан кечти менен байланышы бар деген шек менен 23 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, шектүү адам Манчестердин түштүк тарабынан кармалган. Полиция анын аты-жөнүн, кайсы өлкөнүн жараны экенин ачыктай элек. "Ислам мамлекети" террордук уюму бул жардырууну уюштурганын жарыялады", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, Кечээ, 22-майда жергиликтүү саат боюнча 22:35те Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер-Арена" стадионунда Ариана Гранде аттуу америкалык ырчынын концерти соңуна чыгып бараткан учурда жарылуу орун алган. Стадиондо жалпысынан 21 миң адам болуп, алардын көбү 14-18 жаштагы өспүрүмдөр болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 19 адам каза болгону жана 50дөн ашык адам жаракат алганы айтылган. Кийин полиция көз жумгандардын саны 22, жаракат алгандардын саны 59 экенин расмий түрдө билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Lakyas
2017-05-23 19:39:24
Кайсы олконун жараны экен эми
+1
molorbaev
2017-05-23 20:01:07
Терракт деген балээ болду го. Дуйнонун ушун алып, бейкуноо адамдардын омурун алып... Жараткан озу сактасын. Террордук уюмдардын тубуно жетуу керек.
+2
scorp
2017-05-23 20:02:39
Кыргызстандык эмес бекен деп кирип карасам жазышбаптырда, а то конуп деле калыпмын бир нерсе болсо эле кыргыз же Кыргызстандык дешчи эле
+1
Tekecher
2017-05-23 22:18:34
Супер билип бергилечи сураныч! ФУЧИКА/МОСКВА кочолорунун кесилишинде эмне ызы чуу болтат азыр кечки саат 22:00до
+1
omu
2017-05-24 09:07:17
Tekecher, Дыйканды жаап жатат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан