Швецияда 40 килограмм картошка 9 миң долларга сатылды

Швецияда 40 килограмм картошка 9 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Швецияда өзгөчө аукцион өткөн. Анда ушул жылдын биринчи сезонунда өндүрүлгөн картошкалар аукционго коюлган. Жергиликтүү маалымат булактары маалымдагандай аукциондун аягында 40 килограмм картошка 80 миң швед кронасына, тагыраагы, 9 миң долларга сатылган.

Аукциондун жүрүшүндө 1 килограмм картошка 225 долларга бааланган. Бирок жергиликтүү дүкөндөрдө 1 килограмм картошканын баасы болжол менен 1 доллардан ашык.

Ал эми картошканы сатуудан түшкөн каражат рак илдети менен жабыркаган балдардын дарылануусуна жумшалары айтылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Miss.erkewka95
2018-05-10 10:05:58
Соонун маалымат))) Жакшы адамдар бар үчүн, дүйнө өз нугунда! Бай болсода адам бойдон калгандары кубандырды))
+7
Aza17
2018-05-10 11:26:14
Биздин чондор 10 мин доллордон алып картошка эгип баштайт турбайбы. Буйурса Швецарский озгочо соттогу картошка жейбиз.
-1
Miss.erkewka95
2018-05-10 11:36:09
Aza17,Ал эми картошканы сатуудан түшкөн каражат рак илдети менен жабыркаган балдардын дарылануусуна жумшалары айтылган маалыматта.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/231343/
Биздин чоңдор мылтык такасаңда албайт 225 долларга картошкону. Алар рак илдетиндегилерди айыктыруу үчүн сарпталчу акчага, соонун болуп башка өлкөгө эс алып келишет!
0
Aza17
2018-05-10 16:40:35
Miss.erkewka95, Биздин чондор Швецияда кортошка 9 мин доллор болуп жатыптыр деп Швециядан кымбат баада сатып алышып эгишет.
+3
ahunali12
2018-05-10 11:55:48
Биз 9000сомдон кочот алганбыз, 600 доллардан кычкач.
+12
nurikkg88
2018-05-10 12:31:15
Эми мэрия 225$ картошка алып эгет турбайбы
0
monster_high_98
2018-05-10 12:39:38
Ушул кабарды уккан чондорубуз онбой калат го Эми ;225доллар десе 600доллардан алабыз дешип
-2
Meni_unut
2018-05-10 15:23:28
Жакшы экен кайрымдуулука жумшаса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан