Мындан 26 жыл мурун, 1992-жылы 26-сентябрда кыргыз элинин кайталангыс таланты, залкар сүрөтчүсү, чыгаан актёру Сүймөнкул Чокморов 53 жаш курагында 20 жыл бою күрөшүп келген сейрек кездешүүчү "поликистоз" оорусунан улам көз жумган.Ал төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок төрөлүп, ал эми экинчи бөйрөгүнүн ордуна майда бир нече бөйрөктөр иштечү. Сүймөнкул Чокморов 1939-жылдын 9-ноябрында Кыргыз ССРинин Чүй өрөөнүндөгү Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1953-1958-жылдары Фрунзе көркөм окуу жайын аяктап, 1964-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүн бүтүргөн. Ушул жылдын март айында аталган окуу жайга сүрөтчүнүн бюсту коюлган.
Ал Кинематографисттер жана сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү жана эки жолку Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Чокморовдун чыгармачылык таланты эки багытта өнүгүп келген. Сүрөт тартуу жанрында көп эмгектенүү менен кино жаатында да көптөгөн фильмдерде ийгиликтүү актёрдун жүзүн көрсөткөн.
Анын "Караш ашуусундагы атышуу" кинофильминдеги биринчи чыгышы, ошондой эле андан кийинки ролдору да белгилүүлүктү алып келген. Сүрөтчү катары пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искусcтвосуна өзгөчө кызыгуу менен караган.
Алган сыйлыктары
Сүймөнкулдун көп пландары ишке ашпай калган. 1980-жылы ооруп калар алдында:
“Менин 12 жылда жараткан чыгармаларым бул башталышы гана, чоң нерселер алдыда. Жок дегенде ортолоп барсам көп иш жараткан болор элем” деп көп кайталачу. Эгерде ден соолугу болуп бардык ою ишке ашканда, балким, кыргыз киносу Азия киносу менен бирге дүйнөлүк аренада алдыңкы орундардын ээси болмок. “Дагы кимдердин образын жараткыңыз келет?” деген суроолорго Манастын, Чыңгызхандын образдарын жараткысы келерин эч жашырчу эмес. Анан дагы Че Геваранын образын жаратууну тилек кылып жүрчү экен. Чыңгызхандын образы тууралуу, "азиаттын ролун азиат гана ойной алат" деп көп кайталачу.
Белгилүү япондук режиссёр Акиро Куросава: “Сүймөнкул Чокморов - дүйнөлүк масштабдагы актёр” деп айтып, аны ааламга даңкы кеткен актёр Мифуне менен бирге киного тартууга чакырган. Бирок жабышып кетпей койгон оорунун айынан Мифуне менен ат салыша албай калган. Кинолордон катуу жапа чеккендиктен бөйрөгү иштебей калган. 9 жыл ичинде 55 жолу оор операцияга туш болуп, адам көтөрө алгыс азапты башынан өткөргөн.
26-сентябрдын жылнаамасы.