"Билим берүү тармагы кризисте". Депутат Наталья Никитенко аталган тармактагы башаламандыкты айтып чыкты

"Билим берүү тармагы кризисте" деди депутат Наталья Никитенко парламент жыйынында. Ал аталган тармактын каржылык абалы бүдөмүк экенин кошумчалады.

“Буга чейин сүйлөгөн депутаттардын басымдуу бөлүгү билим берүү тармагына нааразычылыктарын айтып, бүтпөй жаткан иштер тууралуу сүйлөп жатышат. Чынында эле бул тармакта маселелер көп. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керек. Сабаттуу коомду куруу менен гана келечекке ишенимдүү бара алабыз. Эски мектептерди оңдоп бүткөнгө чейин жаңы мектептерди курууга мораторий киргизүү керек. Билим берүү боюнча лицензия алуудагы ачык-айкындыкты камсыздашыбыз керек. Негизи эле бул тармакта тартипсиздик бар”, - деди ал.

Учурда депутаттар ар кандай маселелерди айтып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан