Боом капчыгайында жол четиндеги куураган чөптөр өрттөнүп жатат. Маалыматты SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн, 23-мартта саат 11:36да келип түшкөн.
"Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 145-чакырымында жол четиндеги куураган чөптөр өрттөнүп жаткандыгы тууралуу 11:36да маалымат келип түштү. Учурда окуя болгон жерде Балыкчы шаарындагы өрткө каршы бөлүмүнөн 2 бөлүм иш алып барып жатат. Тилсиз жоо 14:30да чектөөгө алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча 3 жылкы күйүп кеткен", - деди басма сөз катчы.