Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров 2015-жылы парламенттик шайлоодо канча шайлоочу өзүн тизмеден таппай калганын сурады. "Кээ бир шайлоочулар тизмеден өздөрүн таппай калган учурлар болгон. Канча адам шайлоодо добуш бере албай калган?" - деп сурады депутат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева 2015-жылы парламенттик шайлоодо канча адам өзүн тизмеден таппай калганын кат түрүндө жооп берерин айтты. Ал эми 2017-жылы президенттик шайлоодо 4 268 адам өзүн тизмеден таппай калганын билдирди. "4 138 адам эски паспорту менен келген. Биометрикалык маалымат тапшырбагандар болгон. 2016-жылы өткөн референдумда 15 025 адам ушундай эле себептер менен добуш бере алышкан эмес", - деди Туйбаева.