Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын отчёту каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйында 13 маселе талкууланат. Эсептөө палатасынын аудитору Ишенбек Медетов кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе, "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралат.