Өлкөдө бир суткада 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Вирус жуктургандардын ичинде кош бойлуу аялдар жана студенттер бар.
Алар:
Бишкек шаары - 9 + 26 Орусиядан келген курсанттардан;
Чүй облусу - 5;
Ош шаары - 2;
Баткен облусу - 1;
Нарын облусу - 4;
Орусиядан келгендерден - 21 (алардын ичинен 11и кош бойлуу аял, 10у студент).
Жалпы: 1 662.