Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун оюнчулары Жорж Флойддун өлүмүн тизелеп отуруп эскеришти

Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун оюнчулары АКШда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойдду эскеришип, #BlackLivesMatter хэштегин (теги африкалык адамдар жашоо үчүн маанилүү) колдоп чыгышты. Бул тууралуу аталган клубдун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, англиялык клубдун оюнчулары "Энфилд" стадионунун борбордук тегерегинде тизе бүгүп, NFL (Улуттук футбол лигасы) оюнчусу Колин Каперниктин 2016-жылы полициянын теги африкалык адамдарга каршы жасаган мыкаачылыгына болгон нааразычылыгын кайталашты.

Эске салсак, АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы теги африкалык Жорж Флойддун полиция кызматкери тарабынан кыйнап өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Бул нааразычылык акциясынан улам өлкөнүн 25 шаарына коменданттык саат киргизилген.

"Ливерпулдун" оюнчулары Жорж Флойдду эскеришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан