Белгилүү америкалык "Netflix" компаниясы өлкөлөрдүн маданиятына жана улуттук спорт оюндарына арналган "Алыскы оюн" (Away Game) аттуу документалдык тасмасын жаратты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тасманын бир бөлүгү кыргыз улуттук оюну көк бөрүгө арналган. Тасманын ар бир сериясы ар кандай спорттун түрү жана ошол спорттун мекени болгон өлкөнүн маданиятына жана ошондой эле ошол спорттүн түрү кандай маданий жана тарыхый контекстте түзүлгөнүнө арналган. Бул телеберүү көк бөрүнү дүйнөгө жайылтууда чоң мааниге ээ экендигин эске алып, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тасма тартууга көмөк көрсөткөн.
Биринчи сезондун премьерасы 2020-жылдын 26-июнунда болот.