Японияда "акылдуу" котормочу-бет кап иштелип чыкты

Японияда роботторду иштеп чыгуу менен алектенген компания тарабынан "акылдуу" котормочу-бет кап иштелип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, иштелип чыккан котормочу-бет кап коронавирустан коргоо кызматы менен бирге ээсинин сүйлөгөн сөздөрүн башка тилдерге которот. Бул бет кап дүйнөнүн 9 тилине (англис, француз, индонезия, испан, япон, кытай, корей, тай жана вьетнам) которуп бере алат.

"Тиркеме смартфонго Bluetooth программасы аркылуу туташат. Долбоорго 260 миң доллар сарпталганы жана ал сентябрь айында дүкөндөрдө сатыкка чыга турганы пландалууда. "Акылдуу" котормочу-бет кап 40 доллардан сатылмакчы. Мындай бет каптар алгач Японияда гана сатылат. Андан соң Кытай, Европа жана АКШга сатыкка чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Акыркы жылдары компания Токиодогу аэропорттор үчүн котормочу-роботтордун үстүндө иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pat12
2020-07-11 16:44:15
Япондор молодец. Кудай акылды силерге берген экен.
+4
bekhaliev
2020-07-11 16:44:49
Вакцина ойлоп чыгарсанар жакшы болот эле эхх адамзат, аалымыбыздан айрылдык эххз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан