Кызыл-Кыяда киши өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкекке качып келе жаткан жеринен кармалды

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 07:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Пионер көчөсүндө аты-жөнү белгисиз эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча Кызыл-Кыя ШИИБине кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, маркум учтуу нерсе менен бир канча жолу сайылганын, колу, бетинде ар түрдүү жарааттар бар экенин жана ал киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан.

Каза болгон жаран Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы тургуну болгон. Кызыл-Кыя ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу өтө оор кылмыштар менен соттолгон 46 жаштагы И.И. аттуу жаранды кармашкан. Ал Токтогул районунда 2019-жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн. Шектүүнү Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен кармашкан.

Учурда жансыз денеге тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан