Бүгүн, 29-июлда Өзгөн шаарында таксисттин өлүмү боюнча тынч митинг өттү. Митинг милиция бөлүмүнүн жанында өтүп, ага 100дөн ашык адам топтолгонун жергиликтүүлөр маалымдашты.
Маалыматка ылайык, топтолгондор таксисттин өлүмүнө күнөөлүүлөр аныкталып, ага тиешелүү жазасын алышын талап кылышкан. Топтолгон жарандар менен Ош ОИИБинин жана Өзгөн райондук администрациясынын жетекчилери жолугушту.
Буга чейин таксистти өлтүргөнгө шектелип кармалган 5 жарандын баш коргоо чарасы каралганы, алар тергөө аяктаганга чейин эки айга камакка алынганы маалымдалган.
Маалыматка ылайык, 24-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы уулу 19-июль күнү унаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, милицияга кайрылган. Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. Шектүү балдар аны райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок ал жер алыс болгондуктан, маркум 200 сом берүүнү айткан. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп алышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга жансыз денени ыргытып жиберишкен.