Буга чейин Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу айылдардын биринде сарайдан 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Бул каргашалуу окуянын чоо-жайын SUPER.KG порталына өздүк булактар айтып беришти.
"23-январь күнү кечке жуук 22 жаштагы келиндин күйөөсү мас абалда үйүнө келип аны ур-тепкиге алып, аёосуз сабаган. Күйөөсүнөн качып чыгып ылдыйкы малын бактырган кишинин үйүнө келген. Күйөөсү келиндин артынан ат менен барып ал жактан чынжыр менен атка байлап, өздөрү жашаган сарайга чейин сүйрөтүп келген. Тилекке каршы, коңшулары артынан барганда келиндин денеси жанчылып, боору эзилип каза болуп калган",- деп билдирет өздүк булактар.
Окуянын мындай чоо-жайын милициядан такташа элек. SUPER.KG порталы бул боюнча бардык тараптардын пикирин угуп жарыялоого даяр.