Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өтөт

Бүгүн, 15-февралда саат 10:30да өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өтөт. Бул тууралуу Чек Ара коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, алар нааразычылык акциясы менен өкмөткө чек арадагы маселе чечиле турган биринчи маселе экенин дагы баса белгилеп, эскертүүнү көздөп жатышат.

“Биз бул митингди аргасыз уюштуруп жатабыз. Анткени бийлик тараптан бул маселеге кайдыгер мамиле жасалып, эч кандай реакция болбой жатат. Өзүңүздөр көргөндөй Баткенде Тажик тарап Ак-Сайдагы жер тилкеге уруксатсыз көчөт отургузганын жана башка окуяларга кайдыгер карай албайбыз”, - дейт Исаков.

Кечээ, 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өткөн. Анда топтолгондор президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келише турганын билдиришкен. Айтымдарында, чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес.

"Башканы коюп, биринчи чек ара маселесин чечиңиз, Садыр Нургожоевич!",- деген митингге катышкан жарандардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан