Украинанын Киев шаарында өткөн украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү боюнча эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова утуп алган медалын колуна кармап түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
"Бүгүн Киевде өткөн эл аралык мелдеш аяктады. Бул мелдеш өлкөм үчүн дагы бир алтын медалды алып келди.
Алтын медалга жетиш үчүн чыдамкайлыкты жана тырышчаактыкты бир ирет текшерип алдым окшойт. Беттештин динамикасы улам сайын өзгөрүп, жеке өзүм, башкы машыктыруучум жана албетте, күйөрмандарым үчүн оңойго турган жок. Абдан көп адреналин ала алдык. Мени колдоп, мага ишенген адамдарга терең ыраазычылык билдирем!", - деп жазды Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова финалда украиналык балбан кыз менен кез келип, 9:7 эсебинде жеңүүчү аталган.