Бүгүн, 28-мартта Садыр Жапаровдун баласы Ренаттын үйлөнүү үлпөт тою өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, чоң той болбойт, жаштарга арналган чакан той өтөт. "Ренат 1997-жылы туулган. Ал баш кошуп жаткан кыздын аты Аяна 21 жашта. Аяна учурда Улуттук университеттин Кытай тили факультетинде 3-курста окуйт. Ренат менен Аяна көп жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшөт", - деп билдиришти өздүк булактар.
Садыр Жапаровдун кудалыкка барган видеосу тарады. "Кудаңар президент. Балабызды өстүргөн, ушулардын үйүндө өскөн. Бала ушуларга таандык", - деп видеодо Садыр Жапаровду тааныштырып жаткан адам билдирди.