Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 26 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 26 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайкы туристтик мезгилде жол коопсуздугун камсыздоо максатында рейддер жүрүүдө.

Аталган рейддик иш-чаранын жыйынтыктары көрсөткөндөй, айрым айдоочулар Ысык-Көлгө эс алууга сапар алган мезгилде спирт ичимдиктерин ичип алышууда.

3-4-июль күндөрү жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан 133 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Облустук милиция кызматкерлери айдоочуларга мас абалында унаа башкаргандарга 17 миң 500 сом айып салынарын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан