Бүгүн, 15-июнь күнү Бишкекке UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко келди.
Аны аэропорттон күйөрмандары, жакындары тосуп алышты. Валентина Шевченко чемпиондук курун көтөрө келди. Аны менен чогуу машыктыруучусу Павел Федотов, эжеси Антонина Шевченко дагы келди.
12-июнда Сингапурда өтүп жаткан "UFC 275" турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко жетинчи жолу чемпиондук наамын коргогон. Ал бул беттеште бразилиялык Таила Сантос аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.