УКМКнын СИЗОсунда "Айыл Банктын" мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Асанбаев асынып алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында "Айыл Банктын" мурдагы жетекчисинин орун басары А.Б.Р өз жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Ал 30-апрелден тартып УКМКнын тергөө камак жайына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча жайгаштырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул Бакыт Асанбаев.

"Бүгүн, 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында А.Б.Р. аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. А.Б.Р. камерасында асынып алган абалда табылып, ага кызматкерлер жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган, алар тарабынан А.Б.Р. каза болгондугу аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.

"Шектүү санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес", - деп кошумчалашты УКМКдан.

УКМКдан А.Б.Р. ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануу айтпаганын билдиришти. Ошол эле учурда жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары А.Б.Р камакта кармоо учурунда өз жанын кыюуга эч кандай шыктары жана жөндөмдөрү жүрүм-турумунан байкалган эмес.

Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан