Баткенде жүздөгөн литр өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк күйүп кетти

Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында 3 бөлмөлүү үй күйдү. Анын кесепетинен үй ээси чоң чыгымга учурады дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Белгилүү болгондой, 25-июнда З.К. аттуу жаранга таандык 3 бөлмөлүү үйдө (времянка) өрт чыгып, өрттүн аянты 96 чарчы метрге чейин жеткен.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 15:39да өрт чектөөгө алынып, 16:00дө толугу менен өчүрүлгөн.
"Тилекке каршы, үйдүн 1 бөлмөсү жана кире бериши, үй ээсинин документтери менен кошо 2 даана килем, эшик жана 4 даана терезе, 80 даана шифер, 600 литр өсүмдүк майы, 200 килограмм кумшекер жана 35 миң сомдук кара чай өрттөнгөн.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша, жабыр тарткандар жок", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан