Сузак районунда малдын массалык кырылуусу боюнча тергөө иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда малдын массалык кырылып калуусу боюнча тергөө иштери уланып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Т.Т. аттуу жергиликтүү тургун оспага каршы вакцина жүргүзөм деп Өзбекстандын жаранынан 4 миң доза вакцина сатып алган. Жыйынтыгында 2 миң 113 мал кырылып, жалпысынан 11 миллион 984 сом чыгым алып келген. Бул факт боюнча 5 кылмыш иши козголуп, учурда иш соттун кароосунда. Ошондой эле тергөө маалында Мамлекеттик ветеринардык департаменти, Мамлекеттик санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык инспекция бул ишти контролго албагандыгы маалым болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан