5-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын “Ак калпак” кубогу үчүн таймаш өткөрүлөт. Мелдеште “No name” жана “Ак-Өргө city” командалары бетме-бет чыгышып, оюн көрсөтүшөт. Бул тууралуу "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев билдирди.
Учурда эки команда бул кубок үчүн кызуу даярдык көрүүдө. Эки команда тең "Тамашоудон" тапталып чыгышкан күчтүү командалар болгондуктан, мелдештин кызыктуу болору талашсыз.
Белгилей кетсек “Ак-Өргө city” кыргыз киноиндустриясында комедия жанрындагы тасмаларда башкы каармандардын образын жаратып, фильмдин көркүн ачып жатышса, Ош жергесинен чыккан “No name” командасы “Тамашоу” долбоорунун 6-сезонунун чемпиону аталган.