Бишкекте биринчи жолу тил жана маданият боюнча эл аралык фестиваль өткөрүлөт

19-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда биринчи жолу тил жана маданият боюнча 13-эл аралык фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалым болгондой, бул фестиваль адамзатты ынтымакта жашоого чакырып, достошууга, диалог түзүүгө багытталган. Анда ар кайсы өлкөдөн келген окуучулар бир сахнага чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашып, эл-жерин, тилин, маданиятын тааныштырат. Иш-чарага келген көрүүчүлөр дүйнө элдеринин улуттук кийимдерин көрүп, даамдарын татышат.

13 жылдан бери бул фестиваль ар кайсы мамлекеттерден келген окуучуларды бириктирип, дүйнөнүн бардык түстөрүн бир жерге чогултуп, адамдардын жакындан таанышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фестиваль өлкө аралык ортодогу тоскоолдуктарды жоюп, жаштыктын деми дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка күч берет. 

Бул фестиваль жалаң Түркияда уюштурулуп келсе, 2013-жылдан тарта башка мамлекеттерде өткөрүлө баштады. 

Иш-чараны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан