Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - “Кара тизмеге” киргизүү Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы тарабынан азыр деле улантылып жатабы? Кыргызстан Бажы союзунун базасында түзүлгөн Евразиялык экономикалык биримдигине май айында толук кандуу кирген соң, “кара тизмеге” киргизүү токтотулабы?
Жооп: - Чет өлкөлүк жарандардын “кара тизмеге” кириши азыр деле улантылып жатат. Негизи, Орусиянын 9 мамлекеттик органынын чет элдик жарандарга өлкөгө кирүүгө тыюу салганга укугу бар, анын бири Федералдык миграция кызматы. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген күндө да, “кара тизме” деген түшүнүк кала берет, себеби бул мыйзам бузуучулардын тизмеси.
Кошумчалай кетсем, 2015-жылдын 1-январына чейин чет өлкөлүк жарандар Орусияга барып 90 күн жүрүп, андан кийин Украина же башка өлкөгө чыгып, кайра киргенде, ошол жүргөн 90 күндүк мөөнөтү кайрадан саналчу. Эми жаңы киргизилген мыйзамга ылайык, визасыз өлкөлөрдөн келген жарандар мурункудай кирип-чыгып, 90 күнүн кайрадан саната алышпайт. Көбүнчө мигранттар бул маалыматты жакшы билишпей, Орусияда жүрүү мөөнөтүн бузуп “кара тизмеге” кирип калган учурлар болуп жатат. Бул биринчи себеп, экинчиден, кээ бирде ортомчулар жасап берген документтер мыйзамсыз, жасалма болуп калат. Биздин жарандар туура документ жасаттым деп жүрө беришет, бирок ал документтер Федералдык миграциялык кызматынын базасында жок болгондуктан, “кара тизмеге” кирип калышат.