Өкмөт жооп берет: "Кара тизмеден” кантип чыкса болот?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - "Кара тизмеден" кантип чыкса болот?

Жооп: - Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине келип арыз жазып, зарыл деген документтердин көчүрмөсүн тиркеш керек. Эң биринчи иретте “кара тизмеден” Орусияда окуган студенттер чыгарылат. Экинчи категория: эгерде жубайлардын бирөөсү Орусиянын жараны болсо, үй-бүлөнү бириктириш үчүн биринчилерден каралат. Үчүнчүсү: Орусияда иштеп жүргөн, патент жана башка документтери ордунда болгон жогорку даражадагы адистер каралат.

Кошумчалай кетсек, эгер биздин жарандар Орусияда 4 айдан 9 айга чейин мыйзамсыз жүрүшсө, бул өлкөгө 3 жылга чейин кире алышпайт. Ал эми 9 айдан 1 жылга чейин жүрсө, 5 жыл кирүүгө болбойт. Ошондой эле 1 жылдан өйдө тиешелүү документтери жок жүрсө, 10 жылга кирүүгө тыюу салынат.

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан