Чемпиондор Лигасында "Челси" менен ПСЖ тең эсепте ойносо, "Бавария" украиналык "Шахтёрду" ута алган жок

ПСЖ (Франция) – Челси (Англия) - 1:1

Голдор: Бранислав Иванович (36-мүнөттө), Эдинсон Кавани (57-мүнөттө)

Шахтёр (Украина) – Бавария (Германия) - 0:0

17-февралдан 18-февралга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында 2 беттеш орун алды. Парижде өткөн беттеште үй ээси ПСЖ лондондук "Челси" менен 1:1 эсебинде тең ойноду. Буга катар Украинанын "Шахтёр" клубу менен мюнхендик "Бавария" да жеңиш ээсин аныктай алышкан жок. Германиянын чемпионунун курамынан оюндун 65-мүнөтүндө Хаби Алонсого кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, команда оюнду 10 киши болуп ойноп бүтүрдү. 

Кошумчалай кетсек, чейрек финалдык жолдомо ээлери 2 оюндун жыйынтыгында аныкталат. Ушул эле командалардын ортосундагы жооптук оюн 11-мартта орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан