Мушкер Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс серияларында орусиялык мушкерге утулуп калды

Орусиянын "Russian Boxing Team" командасы Дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында "Украиналык атамандар" командасын утуп алды. Командалык тиреште жалпысынан 5 беттеш орун алып, анын баарында орусиялыктар жеңишти камсыздашты. Украиналыктар мындай ири жеңилүү калыстардын орусиялыктарга тартканынан улам келип чыкты дешүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты. 
Маалыматка ылайык, 52 килограмм салмакта Василий Веткин атаандашы Азат Усеналиевди утуп алды. 3 калыстын бири жеңишти Азатка ыйгарса, калган эки калыс орусиялыкты жеңүүчү деп тапкан. Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев жыл башынан бери аталган мелдеште экинчи беттешин өткөрдү. Бул анын биринчи жеңилүүсү экенин кошумчалай кетели. 
Айта кетсек, аталган мелдешке 16 команда катышууда. Тайпалык баскычтагы жеке көрсөткүчтөргө карап, 10 салмак категориясында 17 мушкерге олимпиадалык жолдомолор берилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
brend007
2015-02-22 10:21:27
кийиекисинде женет буйруса. ийгилик
+2
kama_future_millioner
2015-02-22 10:50:02
Спортто болуп турат мындай учурлар
+1
joysin777
2015-02-22 11:18:45
ничья берсе болмок хотябы атак Усеналиев утту деп ойлойм 1-2 раунттарды россиянин утту 3- 4унчу раунтта Азат экоонун очкосун тендеди 5 раунт решающий болуп калган менимче Азат активныйыраак ойнодуле тартып коюшту
+3
football1
2015-02-23 00:24:13
Азат украинанын атынан чыкты беле?
0
joysin777
2015-02-23 01:44:25
football1,оба
0
Manasemetei
2015-02-26 03:56:19
кимдин атынан чыксада бирок ал кыргыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан