Бишкекте бала бакчанын 2-кабатынан баланын кулаганын көргөн айым: "Тез жардам" чакыргыла десем, мени кызматкерлер кууп чыгышты"

Борбордогу Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен 1 жаш 9 айлык бала кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына баланын жерде жатканын көрүп калып, жардамга чакырган Жыпара Сыдыкова билдирди. 

"Мен өзүм ошол райондо жашайм. Окуянын болгонуна бир саат боло элек. Ошол учурда бала бакчанын жанынан өтүп бара жаткам. Бир маалда "дүп" эткен үн угулду. Темир тосмонун аркы бетин карасам жерде кичинекей бала жатыптыр, ал эми терезе ачык экен. 

Колумдагылардын баарын ыргытып жиберип эле чуркадым да, жардамга чакыра баштадым. Сыртта бир киши жүрүптүр, ошол чуркап келип баланы көтөрө калды. Башы аябай шишип кетиптир. 

Мен "Тез жардам" чакыргыла" десем болбой бала бакчанын кызматкерлери ары-бери чуркап, баланы көтөрүп жатышты. "Медициналык кызматкерлерди чакыргыла" десем болушпай, көчөдөн бир унаа кармап баланы салып жиберишти. Менимче, алар милиция келет деп коркушту. Мен баланын кыйналып каларын айтсам, "Кетип кал бул жерден. Баланын аман болушун тиле!" деп кыйкырып урушуп, көчөгө кууп салышты. Эгер мен баланы көрбөй калсам, ал жерде дагы канча убакыт жатмак..."- дейт Ж.Сыдыкова. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, баланын апасы да ушул бала бакчада иштейт. Ал баласын көргөндө өзүн жоготуп, кыйкырып ыйлай баштаган. Аны кесиптештери алып калып, баланы башка айым менен айдоочу ооруканага алып кетишкен. Учурда бала кайсы ооруканада экендиги белгисиз болууда. Чакыруу болбогондуктан, "Тез жардам" кызматы ал жерге барган эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
begai93
2015-03-23 13:18:33
Ай шалаакылар ай!баланы озунон башкага ишенбей турган заман болуп атат.антейин десен иштеш керек акча табыш керек.ишенип берген садикте ошентип карашса анда билбейсин эмне қылышты!
+3
Rifle
2015-03-23 14:43:09
begai93, озунуз ким болуп иштейсиз?
0
Xabibbullo
2015-03-23 13:24:03
Ошол кууп чыккан кызматкерлерди жоопко тартып соттош керек
+2
Rifle
2015-03-23 14:41:56
Мумкун алар туура кылган, башка машина менен оорукана жеткирип. 103ко чалып, тез жардамды кутуп отуруп убакыт кетирген жок. Кубо болгон эже корду, жардамга чакырды, эми баарына жар салып эрдик кылып жатабы?
Жарпайып отуруп алып ар нерсени жаза бербей, ар ким озубуздун ишибизди так аткаралы.
+8
Kalin466
2015-03-23 14:10:15
Бала бакчанын терезелерин жаап коюш керек ко,коопсуздук эрежелер боюнча.
+1
bom.bon
2015-03-23 14:36:47
Тез жардам келгинче кайра алып барышса жакшыго тезиреек жетет!
+1
Shai
2015-03-23 15:15:28
bom.bon, Ооба азыр тез жардам чакырсан эрте келгенде 1 саатта келет ага чейин бала жата бериш керекпи тез жардам кутуп. Башка машинага салып жоноткону дурус болуптур. Азыр биздин кыргыздар баары кылдан кыйкым издеп калган. Эгер тез жардам куткондо башка машинага салып жонотпой тез жардам кутушуп туруп алды демекпиз. Ал баарыбызга белгилууда. Неси болсо да бала аман болсун.
+2
anyay
2015-03-23 15:11:17
дайым уройду учурган окуялар коп жазылат, коркуп да кетет экенсин
0
airwater
2015-03-23 15:14:46
ХХХ ХХХ ХХХ... Эмнеси болсо да абдан кайгылуу окуя болуптур. Чын журогумдон айыгып кетишин тилейм...
0
admin_portal
2015-03-23 15:32:58
airwater, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
modem4999
2015-03-23 15:44:14
Тезжардам десе биз тигинисин куйгусуп алып тез эле жетип келет деп элестетебиз, бирок кудай аларга кун тушурбосун шашпай эле келишет .Андан корок шаардын тиги четиндеги тууганынды чыкыр ошол батыраак келет
+1
deva
2015-03-23 17:40:10
1 жаш 9 айлык баланы эмнеге алышат, менимче 2 жаштан баштап алышса керек эле
+1
bom.bon
2015-03-23 17:59:05
Ошол баланы апасы иштейт экен ушул бакчада деп туратко?баласын уйго калтырып кантип ишке кетмек е!Айыгып кетсин эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан