Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү президенттик шайлоону өттү деп тааныды. Мыйзам боюнча Өзбекстанда шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 33 пайызы катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. Маалыматка таянсак, саат 10:00гө карата 7 миллион 601 400 жаран же жалпы шайлоочулардын 36,55 пайызы добушун беришкен.
Бүгүн, 29-мартта өтүп жаткан шайлоого 4 талапкер катышууда, мунун ичинде өлкөнүн азыркы президенти Ислам Каримов дагы бар. Саат 20:00дө 135 шайлоо округундагы 9058 шайлоо тилкеси эшигин жаап, добуш берүү процесси токтотулат.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жакын арада жарыяланышы күтүлүүдө.