Эркин күрөш боюнча кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов Олимпиадага даярдоо борборунун директорун сабап салды

Эркин күрөш боюнча кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровду сабап салды. Окуя 31-мартта түшкө маал Ү.Майназаровдун иш бөлмөсүндө катталган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ишенимдүү булактар кабарлашты. Бул маалыматты Улан Молдодосов тастыктады.

Анын айтымында, Руслан Маджинов кайсы бир документке кол койдуруу үчүн барган. Үсөнкан Майназаров документтин толук эместигин айтып, толуктап келүүнү суранган. Ошол маалда эки тараптуу кайым айтышуу башталып, андан соң машыктыруучу борбордун директорун 2 ирет чаап жиберген. Анан Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев кирип, ажыратканга жетишкен.

“Үсөнкан агай учурда ооруканада жатат. Ал канчалаган машыктыруучулар менен иштешкенин айтып,
уруш-талаш болуп турарын да билет. Бирок чаап жибергенге болбойт. Агай ооруканадан чыккандан кийин арыз жазышы керек. Мындай окуялардын көз жаздымда калтырылганы болбойт”,- 
деди У.Молдодосов. 

Кошумчалай кетсек, Ү.Майназаров 2014-жылы 20-ноябрда Олимпиадага даярдоо борборунун директору болуп дайындалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kalin466
2015-04-02 11:01:57
Тартипсиздер десе!
+2
altai86
2015-04-02 11:11:52
дагы акча талп кылса керек туура кылыптыр дагы чаапсалбаптыр спортсмендер ак журок болушат.
0
nurik2103
2015-04-02 11:53:12
Туура кылыптыр чаап салып,акча дегени да бул, ал Жака бул Жака жугуртуп акыры, акча алып кол койот, паспортстол дагы башка жерлерде да ушинтип жугурто беришет, ушундай акча талап кылгандарды чаап жиберуу мыйзамын киргизип койуш керек озу
0
Savai80
2015-04-02 15:49:27
Красавчик брат!!! Чыныгы Спортчулар ак конул анан эки жуздуулукту, интригандарды жек коргон калк болушат. Просто красава брат, азаматсыз чаап салып
+1
zhykyo
2015-04-02 16:15:33
Киииия деп туруп айланып туруп ичке тепсен болмок чапкандан коро
0
talant87
2015-04-02 16:37:01
дакмент дакмен так кылып Ала болмок
0
bema_bema
2015-04-02 17:26:04
Столдо отургандар нарака берака жугурто берет. чонтогуно жашылдар тушкондо,жугуртпой эле бутуруро калышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан