"Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүдө кыргыз өкмөтү ийгиликке жетише элек

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Геология жана минералдык ресурстар агенттигине “Кумтөр” кениндеги запастар тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын эсептөөлөрүн дыкат талдоо тапшырмасын берди. 

Өкмөттө 1-апрелде “Кумтөр” боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча консультативдик кеңештин жыйыны өткөн. Анда "Кыргыз алтын" ишканасынын эксперттик тобунун Бишкекте быйыл 23-30-март күндөрү "Центерра" компаниясынын делегациясы менен өткөн сүйлөшүү жана консультацияларынын жыйынтыгы талкууланды. 

"Кайрадан каралган планга ылайык, "Центерра" компаниясы “Кумтөр” кениндеги запастын 21 пайызга төмөндөгөндүгүн белгилейт, бул өндүрүш көлөмүнүн азайышына жана келечекте “Кумтөр” долбоору аркылуу келчү каржынын кыскарышына алып келет. Карьердин бортторунун туруктуулугун камсыздоо жана мөңгүлөрдүн кыймылын локалдаштыруу зарылдыгына байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктер жогорулоодо, ал тийиштүү түрдө чыгымдардын жана продукциянын өздүк наркынын жогорулашына алып келүүсү ыктымал",- деп билдирет өкмөт.

Жыйынтыгында биргелешкен ишкана түзүүдө (үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында) кыргыз тарап үчүн мурда болжолдонгон дивиденддер түрүндөгү каржы кескин кыскарары айтылды.

"Кыргыз өкмөтү "Центерра" компаниясы менен 2013-жылы сүйлөшүүлөрдү баштаган жана анын негизинде 2014-жылдын 18-январындагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимге кол коюлган. Бүгүнкү күндө аталган келишимдин баштапкы маалымат жана шарттарында олуттуу жагымсыз өзгөрүүлөр болду. Консультативдик кеңеш билдиргендей, "Кумтөр" кенин пайдалануунун кайрадан каралган планынын жарыяланышы жагымсыз жаңылык катары кабылданды, анткени мурда "Центерра" компаниясы тараптан аталган маселе көтөрүлгөн эмес",- деп айтылат маалыматта.

Эсептөөлөрдүн негизинде "Центерра" компаниясы “Кумтөр” кениндеги запастардын төмөндөгөнүн билдирген.

Ошондуктан өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын эсептөөлөрүн дыкат талдоого алуу тапшырмасы берилгени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан