"Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү келишимине макул болбой былтыр туптуура кылыппыз, бизди Кудай сактаптыр",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 9-апрелдеги жыйынында.
Анын айтымында, "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү кыргыз тарапка пайдасыз. Канадалык тарап кыргыз мамлекетин туңгуюкка такап, өз кызыкчылыгын коргоого активдүү аракет кылууда. "Биз азыр туюкка камалгандай абалдабыз. Биргелешкен ишкана түзүүгө, кенди улутташтырууга каршымын. Менин вариантым - "Кумтөр" боюнча азыркы статусубузду сактап калуу жана тез арада "Центерранын" Директорлор кеңешин алмаштыруу",- деп билдирди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт жетекчиси экология, кылмыштуу иштер боюнча "Центерра" кыргыз тарапка ультиматум коюп жатканын белгиледи.