"Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версиялар чыгып жатат". Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда тергөө тобу аталган кылмыштын бетин ачуу боюнча иштеп жатат. "Убагы келгенде иш бүтөт. Жалпысынан 1500гө жакын адам суракка алынды. Бул маселени саясатташтыруунун кереги жок. Айрым кылмыштар 20-30 жылдан кийин ачылат",- деди Турганбаев.
Депутат Ширин Айтматова "бул маселе эч саясатташкан эмес" деп, министрдин жообун сынга алды. "Мен бир нече жолу жазуу түрүндө ИИМге малазиялык эксперттердин тергөө боюнча жыйынтыктоочу маалыматтарын сурагам. Бирок эч кандай жооп келген жок",- деди Айтматова. Министр Турганбаев "балким, эксперттер жолугушуудан баш тартышкандыр" деп жооп кылды.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган.