SUPER.KG порталынын
"Соңку кабар" бөлүмүндөгү
"Элдик кабар" рубрикасынын байгесине коюлган заманбап смартфондун ээси аныкталды! Белекти Жалал-Абаддын Сузак районунан
Чынберди Жанышов аттуу окурман утуп алды. Жеңүүчү деп табылган 10-класстын окуучусу Чынберди өзү окуган Шамши Базарбаев атындагы мектептин
кейиштүү абалын жарыялаган. Анда эскирип бүткөн, дубалы урайын деп араң турган мектептин ашканасында окуп жатканын билдирген эле.
Технология өнүккөн 21-кылымда кыргыз жериндеги көйгөйлүү маселелердин бирин, абдан эскирген мектептер бар экенин көрсөткөн мектеп окуучусу Чынберди Жанышовду SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши апрель айынын жеңүүчүсү деп тапты. Өзү алыста болгондуктан, редакцияга келе алган жок, телефон аркылуу байланыштык.
- Чынберди, байге кут болсун!
- Рахмат!
- "Элдик кабарга" кабар жиберип жатып жеңүүчү болоруңа ишендиң беле?
- Чынын айтсам, ишенген эмесмин, жеңүүчү болбосом да, маалымат менен бөлүшөйүн деген ойдо жазгам. Жеңүүчү болгонумду биринчи укканда ишенген жокмун, азыр алдамчылар көп го... Бирөөлөр тамашалап же алдап жатат деген ой келди. Анан эки-үч жолу сүйлөшкөндөн кийин ишендим. Белек утканыма кубанып жатам, үйдөгүлөр да жеңүүчү болгонумду билишти.
- Жөнөткөн кабарың менен эмнени айткың келди эле?
- Кабарымды жогору жактан бирөө-жарым окуп калса, эскирген мектебибиздин ордуна башка мектеп курулуп калса деген үмүт... Анткени азыркы заманбап жашоодо мектебибиздин абдан эскилигинен уялам. Башка жактагы тааныштарым "Ии, мектебиңер ушулбу, ушундай эски мектепте окуйсуңбу?" дешсе арданып кетем. Буга чейин депутаттар келишип, "жаңы мектеп курдуруп беребиз" деп убада берип кетишкен, эмдигиче дайын жок.
- Мектебиңердеги билим берүүнүн сапатына кандай баа бересиң?
- Оор жагдайга карабай мектептин ашканасында окуп жатабыз. Класстарда окуганга болбойт. Азырынча кулабай турат, бирок көпкө кармалбай, бир күнү урап түшөт. Окутуу, окуучулардын билими жакшы эле. Бардык шарты бар жаңы мектеп курулса, окуучулардын билим деңгээли мындан да өсмөк. Өкмөткө айтарым, билим алууга бизге шарт түзүп бергиле.
- Рахмат, окууңа ийгилик.
- Сиздерге да рахмат.
Жеңүүчүнүн апасы Үлпөт айым менен да байланыштык. Баласынын смартфон утуп алганын укканда алгач ишенбегенин айткан эне SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирди.
Эсиңизде болсо, бир ай мурун SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманга редакция ай сайын заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Бир айда окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабарларды жөнөтүштү. Турмуштук көйгөйлөр: бузулганы калган көпүрөнүн өмүргө коркунуч жаратып жатканы, жол чырактардын иштебей калышынан кырсыктардын болгону, жаңы асфальт төшөлгөн жолдордун бузулушу, тротуарга токтотулган автоунаалар, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүүгө өтүштү.
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги агасы Абсамат Тажибаев кеңсебизге келип алып кетти.
Урматтуу окурман, кызыктуу маалымат жөнөтүп заманбап смартфон утуп алуу мүмкүнчүлүгү сизде да бар. Ай сайын бирден жеңүүчү аныкталат. Мыктынын мыктысы деп табылган элдик кабардын ээсин ушундай жагымдуу белек күтөрүн эске ала жүрүңүз.