Жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында 2 баскыч менен өткөрүлдү. Биринчи баскыч 19-20-май күндөрү болсо, кийинки баскыч 22-23-май күндөрү болду. Биринчи баскычта айрым абитуриенттер тестирлөөнүн суроолору тартылган сүрөттөрдү интернетке таратып жиберишкен.
SUPER.KG порталы КРнын Билим берүү жана илим министрлигине байланышка чыгып, бул окуя боюнча төмөнкүдөй жооп алды: “Сүрөткө тартылып, интернет аркылуу тарап кеткен тесттин үлгүлөрү абитуриенттерге эч кандай жардам бербейт. Тактап айтканда, жалпы республикалык тесттин 2 баскычы бири-биринен айырмаланып турат жана сүрөткө тартылган суроолор кийинки баскычта колдонулган жок. Дал ушундай аракеттер болушу мүмкүн экени эске алынып, алдын ала суроолордун берилүү системинин жаңыланып туруусун шарттаганбыз”.