Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга жөнөп кетишти (фото)

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен мамлекетибиздин бир катар алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана өнөрпоздору алыскы Малайзия өлкөсүнө бүгүн, 6-июнда жөнөп кетишти. Алардын катарында кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, “тамашоучулар” Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу, ошондой эле өлкөдөгү ондон ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар. 

Кыргыз делегациясы туризм тармагынын бир катар объектилерин көрмөкчү. Журналисттер Куала-Лумпурда болуп, Малайзиянын маданияты жана салттары менен таанышып, айтылуу Лангкави аралына да барышат. 
Сапар алкагында кыргыз өлкөсүнүн жана Малайзиянын журналисттери өз ара тажрыйба алмашып, керектүү делинген байланыштарды түзө алышат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги кыргыз журналисттери менен Малайзиянын алдынкы ММКларынын ("The Star" медиатобу жана башкалар) жолугушуусун уюштурат. Ошондой эле маданий иш-чаралар дагы каралган. 

Ал эми каржылык чыгымдарды толугу менен КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов эки өлкөнүн карым-катнашын өнүктүрүү максатында өз моюнуна алды. Элчинин айтымында, маданий-маалыматтык кызматташуу экономикалык катнаштын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Алыска чыга тургандар саат 18:00дө “Манас” аэропортуна келип, сапар алдындагы сезимдери тууралуу ой бөлүшүштү. Ырчы Гүлнур Сатылганова Малайзиянын аптаптуу күнүндө эс алууну эңсеп келгенин жашырган жок.

“Мен Малайзияга биринчи жолу баратам. Бул өлкө кооз экенин бир нече жолу угуп, барып эс алууну эңсеп келгем, бирок аптаптуу күндүн ысыгынан кооптонуп жатам. Бизде кээде күн ысык болсо, кээде салкын болуп турат эмеспи. 

Мени өзгөчө Малайзиянын элинин жашоосу, каада-салттары кызыктырып жаткандыктан, ошол жактары менен таанышууга да басым жасайм. Анан, албетте, Малайзиядагы мекендештерибизге концерт коюп, маанайларын көтөрүп келебиз”,- деди Г.Сатылганова.

Ал эми кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы элчилигине ыраазычылыгын билдирген журналист Али Токтакунов Малайзиянын туризмди өнүктүрүү жагындагы тажрыйбасын алып келүү аракетин көрөрүн айтты.

“Биринчиден, ушундай шартты түзүп берип жаткан элчиликке рахмат! Экинчиден, Малайзия - туризм тармагын өнүктүргөн өлкө. Ошондуктан мен кыргыз жеринде туризмди кантип өнүктүрүүгө болору тууралуу жакшы материал даярдап келем. Анан, албетте, ал жактын медиа тармагы менен кенен таанышып, тажрыйба топтоп, аларга да өз тажрыйбаларыбызды көрсөтүп келебиз. Ошону менен бирге эс алып да келем”,- деди Токтакунов.

Ал эми "тамашоучулар" Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу жана ырчылар Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова аэропортко кечигип келишти. 

Эмил кечигип келгенин тамашага салып, аларды күтүп отургандардын маанайын көтөрдү. "Мен кечиккен жокмун, аэропорттун сааты жылып кетиптир" деп, Малайзияга арыктап келүү үчүн баратканын кошумчалады. "Ал жактын тамактары биздикиндей майлуу эмес, анан да көп жебейсиң. Ошон үчүн арыктап келгени баратам",- деп тамашалады. Анын артынан Самат да ырчыларга актанып: "Мен Малайзияга барып пилдерди көргүм келип жатат. Аралдарга барууну жактырып келем, бирок шарт болгон эмес, эми болуп жатат. Анан да бака, жыландарды жегим келүүдө. Эмил арыктаса, мен семирип келгим бар",- деди.  

Ал эми ырчы Асел шашкалактап, колуна желим баштык көтөрүп келди. Анын ичинде байпак, сүлгү бар экен. Ырчы күлүп, "баштыкта эч нерсе деле жок" деп жооп кайтарды. 

Алыска чыга тургандар саат 20:00дө Бишкектен чыгып, саат 21:00дө Казакстандын Алматы шаары аркылуу Малайзияны көздөй сапар алышат. Алар 7-июнь күнү эртең менен Куала-Лумпур шаарына жетип барышат. 

 

Кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү Малайзияга жөнөп кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Decmond
2015-06-06 21:46:22
Жакшы эс алып келгилеее!!!
+1
A3A
2015-06-06 21:50:40
Ак жол, соонун эс алгыла!!!
Гүлжигит Аселя аяшка тийишпе)))))))
0
Medina87
2015-06-06 22:12:54
Сапарлары байсалдуу болсун!
+1
maku88
2015-06-07 02:50:13
Гулнур эжэ кыйла каарып калыптыр убакытын отконун кара кече еле жап жаш эже болчу
0
kama_future_millioner
2015-06-07 10:12:12
Жакшы барып келгиле
0
Biinura
2015-06-07 11:22:08
Баарынарга ак жол!
0
Gulgamal
2015-06-07 13:20:45
Жакшы барып келгиле
0
suiuktuujar
2015-06-07 14:26:05
Жакшы барып келгиле баарынарга ак жол ийгилик.
+1
kalys.aman
2015-06-08 10:58:00
Женил барып оор келгиле ийгилик силерге салам айткыла ал жактагы туугандарга Кыгызстандын атынан
0
malika79
2015-06-09 10:05:36
Гулнур эжеге Асель ырчы деле эмес да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан