Айрым шекшигендер "бул партияны жактагандар көп экен, ошолор интернеттин бетин бербей добуш берип келишти" дегендери аркылуу өзүлөрүнө каршы чыкканын да сезбей калышкандай. Анткени мунун өзү “Ата Мекендин” электоратынын арбындыгын ырастап жатпайбы! Добуштардын географиясы да кеңири болду. Тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев түптөгөн саясий уюм кыргыз коомчулугуна кылым чейрегинчелик мазмундуу өмүр баяны, кыр ашырткан уюткулуу иштери менен таанылып келе жатканын эч ким танбас. Ал ортодо партия да, партия башчысы да далай сыноолордон татыктуу өтүп, ушунча мезгил бою эч ташыркабай, чоң аламандагы чаалыкпас тулпарча төрт аягын тыбыраткан бойдон келатат. Кыргыз жериндеги саясий турмуштун күнгөй-тескейин көрдү, көрө албастардын, ичи тарлардын кастыгын баштан кечирди, атайын уюштурулган арам оюндарга моюн сунбады.
"Өмүкөнү каралагандар өзүлөрү караланып, туз жалап отуруп калышпадыбы. Ырас, Текебаевдин бир караганда татаал, дүрт этип жанып кетме мүнөзүнө баары эле чыдай беришпейт. Айрымдарга түшүнүксүз терең ойлонулган саясий кадамдарын баары эле сезе алышпай, андан шекшигендер, кара санагандар да арбын. Ошентсе да мындан бир топ жыл мурда кесиптеш карындашым Бермет Букашеванын Өмүкөнүн саясий тапкычтыгы, жаңычылдыгы, оор салмагы тууралуу калыс жазганы, бул көп кырдуу инсандын түпкүлүгүн туура аңдай алганы бүгүн ырасталууда",- деп айтылат маалыматта.
Сурамжылоого кайрылсак, калган орундардагы партиялардын абалын түшүнсө болот. Айрымдары шайлоо өнөктүгүн баштамак турсун, кимге кошулуп, ким менен барарын эмдигиче аныктай элек болсо, кээ бири алда немени күткөндөй саксынып турат. Шайлоочуларды эптеп болсо да, кантип алдоону күнү-түнү ойлоп, түн уйкусунан кече баш катырган партиялар да аз эмес. Мындайлар шайлоодо акмак болуп, анан утулганын өлөрмандана саясатташтырып чыр-чатакташкандан көрө, азыртадан эле ишин жыйыштырып койгону оң.
Ал ортодо “Ата Мекен” кадимки уюмдашуусун дагы бир ирет чыңдап, райондук, шаардык конферецияларын ийгиликтүү өткөрүп, эми облустук курултайларын баштаганы турат. Конференцияларда партия мүчөлөрү жасалмалыкка жол бербей, “Ата Мекендин” өлкөдөгү анык кадыр-баркын ырасташкандай болду. Ага удаалаш партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясы маанилүү мыйзам долбоорлорун, аларга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү кароодо маанилүү маселелерди кабыргасынан коюп, айрым фракциялардын жылмакай тыянактарынан айырмаланып, мамлекеттин, элдин, кыргыз жеринин таламдары үчүн тикесинен тик турганы, абдан талуу көйгөйлөрдү өкмөттүн бетине ачык айтып жатканы электораттын тандоосун Өмүрбек Текебаев баштаган партияга бир топ буруп койгону талашсыз.