Кыргыз футболчулары оюн талаасында президент менен селфи жасашты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго барып, 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Австралиянын курама командасы менен беттешүүгө даярданып жаткан кыргыз мамлекетинин футбол боюнча курама командасынын машыгуусун көрдү.

Мамлекет башчы футболчулар менен баарлашып, эртеңки маанилүү оюнга ийгиликтерди каалады. “Татыктуу оюн көрсөткүлө. Силер үчүн бүт өлкөбүз күйөрман болот. Биз силерге ишенебиз, силердин жеңишиңерге ишенебиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле футболчуларга кыргыз мамлекетинде спортту өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берип, ири шаарларда, облустук жана райондук борборлордо дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу пландарына токтолду. Андан кийин мамлекет башчы менен футболчулар эстеликке сүрөткө түшүшүп, чөнтөк телефондору менен селфи жасашты. 

Айта кетсек, 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кыргыз мамлекети менен Австралия курамасынын ортосунда футболдук беттеш эртең, 16-июнда кечки саат 20:00дө өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Lapushka15
2015-06-15 23:19:39
Ийгилик каалайбыз!Канча эл силерден умуттонуп отурат.АЛГА КЫРГЫЗСТАН!!!
+20
make2
2015-06-15 23:56:49
Атамбаевке рахмат, бул да болсо күч кубат берет, ийгилик, ортомчулар билетти алып алып кымбат сатканы чатак болуп жатат, билет жок деп жатышат эртең көрөбүз кайдан табабыз
+18
Amantur.
2015-06-16 00:20:00
Ийгилик! Австралиянын паччагын чыгаргыла.Алга Кыргызстан!
+1
basyz-kaman.
2015-06-16 00:41:52
Россиядагылар эртен футболду кандай кылып корсок болот? Маалымат берип койо аласыздарбы супер.kg?
+5
A3A
2015-06-16 02:37:07
basyz-kaman., интернеттен онлайн көрсөк болот болду бекен, бирок кантииииип?
Жооп алып бергилечии (((((
+2
aza09
2015-06-16 11:31:01
A3A,internetten KTR onlayn dep korsok bolot
0
abai
2015-06-16 02:30:36
Alga!!!
0
jora-jora
2015-06-16 07:44:25
Каерде болот экен фудбол
0
bazarkyl
2015-06-16 08:38:39
футболболчуларга жакшы стимул болуптур. ийгилик!
+2
Taa1ai
2015-06-16 09:39:36
утсанар экен президентибизди уят кылбай,топко жетпей собачка болбой
+4
Misterjon
2015-06-16 09:49:46
Кыргыз футболчулары алга!!! Кыргызстандын намысы силердин колунарда.
+1
erlandyky
2015-06-16 10:36:53
Алмазбек Шаршенович сизге рахмат, эл учун жакшы эле иш алып барып жатасыз, ден соолукта болунуз.
+3
nurzada1992
2015-06-16 12:22:38
Аллахым колдоп, женишке жетининиздер.
0
begimai93
2015-06-16 13:01:00
даже президент да сельфиге тушот дегилечи.
0
Topchubai
2015-06-16 17:31:19
Алгв Кыргызстан!Оюндун башталышына саналуу гана сааттар калды.
0
Nurluujan16
2015-06-16 20:29:36
ХХХ ХХХ ХХХ... жок:(
0
admin_portal
2015-06-17 11:33:05
Nurluujan16 - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан