Эске салсак, 16-июнга караган түнү орусиялык
белгилүү ырчы Жанна Фриске көпкө
созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги
рак оорусу менен күрөшүп келген эле. Аны дарылоо үчүн жолдошу каражат топтоону уюштуруп, жалпы 68 миллион рубль
жыйнаганы айтылган.
Рак илдетинен улам Жаннанын көзү көрбөй калганын атасы 2014-жылдын март айында маалымат каражаттарына кабарлаган эле.
Жанна Фриске 8-июлда 41 жашка чыкмак. Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы
катары таанылган. Ал Орусиядагы бир канча тасмаларда роль жараткан.