Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси
Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМден
билдиришти.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук
соту Юруслан Тойчубековду камакка алуу боюнча сырттан өкүм чыгарган. Ал "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен
пайдалануу" беренелери менен айыпталууда.
Юруслан
Тойчубеков Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын
жетектеп турганда “Райдер Ассошиэйте Лимитед” (Кыргыз Республикасында “Элдик лотерея”) компаниясынын
директору, Түркиянын жараны Хасан Чифтчи ушул эле өлкөнүн жараны Танжу Кылычка компаниянын Кыргыз Республикасындагы филиалын ачууга макулдугун берген.
2013-жылдын 18-январында аталган компаниянын Кыргыз Республикасындагы филиалы өлкөнүн Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, лицензияга ээ болгон. Ушул мөөнөттөн баштап Танжу Кылыч жана Мээрим Сыркынты аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экөө Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан “Лотерея оюндарын өткөрүү боюнча күбөлүк” алууга керектүү документтерди даярдай башташкан. Белгилүү болгондой, аталган лицензияны кызматтын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков мыйзамсыз берген. Ошондой эле Юруслан Тойчубеков өз буйругу менен компанияны пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошотуп койгон. Ушул пайдадан түшчү салыктын өзү эле 31 миллион сомдон ашкан.
Учурда “Райдер Ассошиэйте Лимитед” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Танжу Кылыч жана анын башкы эсепчиси Мээрим Сыркынты кармалып, экөө тең 2 айга СИЗОго киргизилген. Ал эми лицензияны мыйзамсыз берген Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси дайынсыз болуп жаткандыктан, ага издөө жарыяланып, айып сырттан угузулган.
ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисовдун билдиргенине караганда, “Элдик лотерея” өз ишин токтотту.