Аба ырайы, 5-июль: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

5-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метр, кээ бир райондордо 25-30 метрге чейин жетет. 

Чүй облусу. Күндүз +30°C, түнкүсүн +23°C

Талас облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +20°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +33°C, түнкүсүн +25°C

Баткен облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +23°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +18°C

Нарын облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +16°C

Бишкек шаары. Күндүз +29°C, түнкүсүн +23°C
Эскертүү!
Ченемден тышкары ысык аба ырайынан кийин 5-июлда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aitnazarova98
2015-07-04 22:50:30
Баткендин аба ырайы толук жазылбай калганго.
0
marmiladka9
2015-07-05 10:44:25
жаайт деп жазылып турат,бирок ачык
0
aibi8984
2015-07-05 12:50:26
Кочкор-Атада 42 градусту корсотуп жататко!
0
nurshoola
2015-07-05 13:31:14
жаай турган тусу жокко
0
Medina87
2015-07-05 16:48:10
Метеорологдорго чон рахмат! Ар дайым айткандары топ келет, мен алардын алдын ала кабарландыруусунан дайыма кабардармын.
-1
Medina87
2015-07-05 16:57:02
Кечирим отуном; Метеоролог эмес Синоптиктер.
-1
Izdeim_seni.
2015-07-05 19:52:50
Medina87, аба ырайын изилдоочу илим метеорология деп аталат между прочим.
0
Medina87
2015-07-05 23:58:09
Izdeim_seni.,
Билсем да атайын женил тушунукто синоптик деп атап отком. Ал эми сиз мени кекетпейле деп тушунууго аракет кылам.
0
Altyn198
2015-07-05 21:13:48
Буларга мен такыр ишенбеймин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан