Непалдагы Жомолунгма же дүйнө жүзүнө белгилүү болгон аталышы Эверестти "Өлүм тоосу" деп атагандар да бар. Жомолунгма чокусунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 55 метрге чейин жетсе, абанын температурасы түнкүсүн -60°Cге чейин түшөт. Анын бийиктиги бир нече жолу өлчөнүп, азыркы тапта чоку деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте жайгашканы маалыматтарда жазылып келет.
Эвересттен кайтпай калуусу мүмкүн экенин бардык альпинисттер билишсе да, дүйнөдөгү бийик чокуну багынтууга белсенгендердин саны арбын. Жер жүзүндөгү эң бийик чокуга чыккандардын 11 пайызы ошол жакта көз жумган. Көпчүлүгү кычкылтектин жетишсиздигинен, тоңуп калуудан жана башка жаракаттардан каза болушкан. Тарыхтагы көп адамдын өмүрүн алган окуя катары 1996-жылы май жана 2014-жылы апрель айындагы трагедиялар айтылат. Эки учурда тең аба ырайынын начардыгынан альпинисттер кар көчкүнүн астында калып, биринчисинде 8, экинчи окуяда 16 адам каза тапкан.
1924-жылы британиялыктар Жорж Мэлори менен Эндрю Ирвин Эвересттин чокусуна биринчилерден болуп чыгууну көздөп, максатына жетпей калышкан. Алардын биринин сөөгү 75 жылдан кийин табылса, экинчисинин сөөгү белгисиз бойдон.
1996-жылы май айында индиялык-тибеттик топтун мүчөлөрү тоонун түндүк тарабынан чокуга чыга башташкан. Эверестке чыккан индиялык үч альпинисттин бири да лагерге кайтып келген эмес. Биринин сөөгү кичинекей үңкүрдөн табылып, азыркы күндө да ошол жерде жатат. Анын бут кийиминин өңү альпинисттер үчүн топоним катары айтылып, 8500-метрди өз ара "Жашыл өтүк" деп белгилеп алышкан.
1998-жылы май айында түгөйлөр Сергей Арсентьев менен Френсис Дистефано да Эверестке чыгышкан. Аба ырайынын катаал шартынан улам 8200 метр бийиктикте чатырда 3 сутка туруп, чокуга чыгышкан. Кайра түшүп келе жатканда бирин-бири жоготуп алышкан. Френсис тапкан Ян Вудэл жана Кэти О’Дауд аттуу альпинисттер ага жардам бере алышкан эмес. 9 жылдан кийин гана кайра келип, өздөрү калтырып кеткен жерден Френсистин сөөгүн Американын туусуна ороп, бийиктиктен ылдыйга түртүп жиберишкен. Ал эми лагерге жалгыз келип, кайра аялын издеп чыккан Сергейдин сөөгү 1999-жылы табылган.
2006-жылы май айында Эверестте болгон окуя бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө салган. Тоңуп, кычкылтеги жок өлүм алдында жаткан англиялык Дэвид Шарптын жанынан 42 альпинист жардам бербестен өтүп кеткен. Алардын арасындагы "Discovery" телеканалынын кызматкери сүрөткө тартып, интервью алганда 34 жаштагы Дэвид: "Менин атым Дэвид Шарп, мен Азия өтмөгү тобунанмын. Уйкум келип жатат",- деп жооп берген.
Эверестте өлгөндөрдүн статистикасын изилдеген адамдар жокко эсе. Чокуну багынтууга көпчүлүк учурда 3-5 адамдан турган топ болуп чыгышат. Алардын катарында жалгыздан чыккандар да жок эмес. Чокуга чыгууга болжолдуу түрдө 20 миң доллардан 60 миң долларга чейин кетет. Өз өмүрүн берип, Эверестте көмүлбөй калгандардын саны 150дөн ашуун адам.
"Маршрут менен бара жатканда адамдардын сөөгүн көргөндө өзүңө "тоодо өтө сак болуу керек" деген эскертүү аласың. Жыл сайын чокуга чыгууну каалагандардын саны өсүүдө. Бул каза тапкандардын саны да өсүшү мүмкүн дегенден кабар берет. Жашоодо орунсуз деп саналган көрүнүштөр бийиктикте нормалдуу деп эсептелип калат",- дейт СССРдин альпинизм спорту боюнча чебери Александр Абрамов.
Абанын температурасы төмөн болгондуктан, өлгөн альпинисттердин сөөгү дээрлик бузулбай, баштапкы бойдон сакталып калган. Александр Абрамовдун "өлүктөрдү аралап өтүү аркылуу Эверестти багындыруу кадимки көрүнүш деп кабыл ала берген туура эмес" дегени бар.