Эскерте кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. 7 адам кармалып, алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы айтылган. Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.
Бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы, атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты - Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаганы аныкталган.