Ырчы Омар эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Талас облустук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Айта кетсек, Омардын жактоочусу Ороз Мадымаров 30-июлда Талас райондук сотунун чечимин өзгөртүү боюнча облустук сотко кассациялык даттануу жолдонгон. Даттанууда райондук соттун чечимин өзгөртүп, ырчы Омарды үй камагына чыгаруу жөнүндө айтылган. Бүгүн Талас облустук соту ал даттанууну караган. Соттук коллегиянын чечимине ылайык, Омар Талас облусунун аймагынан эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын берген эмес” деп айыпталууда.
28-июль күнү Талас райондук соту Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.