Ак-Талаада кассирге кол салуу болгонун кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" төртүнчү смартфонун утту

Жакында Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7 миллион сом алып бараткан Каныбек Мамытбеков аттуу кассирге кол салуу болуп, аны менен чогуу бараткан сакчыга ок тийген. Бул чуулгандуу окуя коомчулукта катуу талкууга алынды. Кылмышты эң биринчилерден болуп SUPER.KG порталы жарыялап, андан кийин башка маалымат булактары, телеканал, гезиттер чагылдырышкан. 
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын тургуну Байысбек Жеңишбек уулу оор кылмышты биринчилерден болуп кабарлоонун артынан SUPER.KG порталынан заманбап смартфон утуп алды. Чак түштө эч нерседен чочулабай каракчылыкка барган кылмыштуу топ жергиликтүү тургундар үчүн опурталдуу экенин айтып укук коргоо органдарына коңгуроо кагып, коомдо кылмыштуулуктун тамыры кенен жайылып, анын бир учу алыскы айылдарга чейин жеткенин айтып кабар жөнөткөн Байысбекти SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши июль айынын жеңүүчүсү деп тапты. 
Азыркы заманда кылмыштуулук күчүндө. Милиция кылмыш катталганы канчалык эрте билинсе, кылмышкерди тезирээк кармоого ошончолук мүмкүнчүлүк көп болорун билдирип келет. "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" дегендей, кээде кылмыш жасалганы тар чөйрөдөн алыс чыкпай, жабырлануучуну коркутуп-үркүтүү аркылуу ишти дым-дым кылган учурлар да кездешет. Көбүнчө өлкөнүн аймактарында...   
Байысбек менен телефон аркылуу байланышып, ээсин жеңүүчү кылган кабар кандай шартта жиберилгенин сурадык. 
- Байысбек, жеңүүчү болушуңуз менен куттуктайбыз!
- Рахмат.
- Оор кылмыш катталганын биринчилерден болуп кабарладыңыз, окуяга өзүңүз күбө болдуңузбу? 
- Жок, жумушта болчумун. Өзүм Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда инженер-программист болуп иштейм. Ошол күнү "ооруканага октон жаракат алган бирөө түштү" дегенди угуп дароо жарыялоону туура көрдүм. Милиция эртерээк кыймылдап, кылмышкерлер тезирээк кармалса деген ой келди. Анан силердин байгени утсам деп да ойлодум. 
- Порталдын такай окурманысызбы?
- Беш жылдан бери SUPER.KG`нин окурманымын. Керектүү маалыматтарды ушул порталдан алам. "Элдик кабар" боюнча талаптарды окуп чыгып, ылайыктуу жаңылык таппай жүрдүм эле. Азыркыдай окуяны жазып жеңүүчү болом деп күткөн эмесмин. Бирок мындайда кылмышкерлерди тезинен кармоо маанилүү да. Мындан ары жакшы гана жаңылыктар болсун дээр элем.
- Баетов айылында кылмыш көп болобу?
- Кылмыштуулук аз эле. Бул окуя миңдин бири болду окшойт. 
- Рахмат, жакшы жаңылыктар менен кабарлашалы. 
- Сиздерге да рахмат, буюрса, уткан телефонумду аздектеп өзүм колдоном. 
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманга редакция ай сайын заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.
Белек ээси заманбап смартфонду кийинки аптада кеңсебизден алып кете турган болду. Апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айынын жеңүүчүсү Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы болгон. 
"ЭЛДИК КАБАРдын" төртүнчү смартфонунун ээси аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
salmanbet
2015-08-05 11:43:41
Оо менин жердешим экенсин,айфонун кузго жетсин,озун жузго жет дейт кыргызда,байген кут болсун!
+1
tynkatar03
2015-08-05 14:15:50
кут болсун!!! мындан ары жагымдуу жанылыктардын кубосу болуп журо бер
0
aikol87
2015-08-05 14:26:52
Куттуктайбыз.
0
Bais
2015-08-05 15:12:15
Рахмаат баарынарга
0
Deniza88
2015-08-05 16:27:57
Куттуктайбыз жигит ))))
0
Deniza88
2015-08-05 16:28:44
Эми майла белегинди деп коелу ха хааа.
0
SHAHDAR
2015-08-06 13:55:19
Deniza88,
Точно майлаш керек болчу.
+1
Sizge.kat
2015-08-06 10:04:17
Жердешимдин алган сыллыгы кут болсун
0
sabyr86
2015-08-06 16:36:11
Кут болсун,ошол кылмышкер табылды беле?
0
Aman97kg
2015-08-06 17:40:10
kutuktaim
0
Nur.88
2015-08-06 17:57:21
Биз качан жетебиз аа белеке?
0
Nur.88
2015-08-06 17:58:07
Расса уткум келип атат да...
0
Ayperi94
2015-08-06 18:44:21
Белегиниз кут болсун жана омуру узун болсун!
0
dasi05
2015-08-07 09:48:37
Белегиниз кут болсун
0
jon__jurbos
2015-08-10 00:55:08
Банкка ограблениеге кирип акча тоноп атканымды телефонго тартып силерге жонотсом смартфонду ута аламбы супер инфо мага айтып койгулачы жообун.
+1
pirim77
2015-09-07 16:02:29
алып-сатарлыкты кол кылаасы оло эле кылат. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-09-07 16:36:03
pirim77 - 5 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан