Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Биз Казакстандын Шымкент шаарында соода кылабыз. Ай сайын ар бир адам үчүн 3000 теңгеден патентке деп акча төлөйбүз. Бизде эч кандай пенсиялык китепче жок. Базар жетекчилиги акчаны чогултуп кетет. Ошол эле базарда иштеген жергиликтүү тургундарда пенсиялык китепче бар. Менин оюмча, биз берген акча базар жетекчилигинин чөнтөгүнө эле кирет. Биздин укугубузду ким коргойт? Суроо калтырган Serenada
Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов төмөнкүчө жооп берди:
- Соода кылган жаран өзү төлөп жаткан 3 миң теңге кайсы жакка кетип жатканын, кайсы мекемеге берилип жатканын так аныктап алышы керек. Эгер ал акча базарда соода кылгандар милдеттүү түрдө төлөй турган каражат болсо, аны бир гана кыргыз мигранттары эмес, жергиликтүү соодагерлер дагы төлөшсө, КРнын Казакстандагы өкүлчүлүгү жардам бере албайт. Бирок 3 миң теңге Пенсиялык фондго төлөнүп, кыргыз мигранттарында гана китепче жок болсо, кыргыз жарандары укуктарын коргоо үчүн Консулдук департаментке кайрыла алышат. Шымкентте эмгектенгендер Алматы шаарындагы Башкы консулдук менен байланышуусу зарыл. Консулдуктун кызматкери менен биргеликте КРнын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдошсо, мекеме тарабынан укуктук жактан жардам көрсөтүлөт. Алматы шаарынын Луганский көчөсү, 30-А дарегинде Консулдук департамент жайгашкан. +77272642212 (ошондой эле 2607674, 2622122) телефон номерлери аркылуу байланышса болот.
Пенсия тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы: "Эгер кыргыз жарандары Казакстанда иштеп, аталган өлкөнүн Топтомо пенсиялык фондуна каражаттарын которуп келишсе, анда келечекте ал мигранттар Кыргыз Республикасына кайтып келе жатканда топтолгон каражаттарын төккөн фондунан ала алышат. Бүгүнкү күндө эки мамлекет ортосунда пенсияларын которуп берүү тууралуу Казакстан тарап менен расмий түрдө келишим түзүлө элек. ЕАЭБ келишиминин алкагында ушул маселе эми каралары күтүлүүдө. Ошондуктан ал мамлекеттен чыгардан мурун Казакстандагы Топтомо пенсиялык фондуна расмий түрдө арыз менен кайрылып, каржаттарын алып алса болот",- деп билдирди.