Депутат Акылбек Султанов менен чырдашкан МАИ кызматкерлери жазаланганы айтылды

Интернет булактарында парламент депутаты Акылбек Султанов менен МАИ кызматкерлеринин кайым айтышкан видеосу жарыяланды. КСДПдан айрымдар бул окуянын чоо-жайын билип-билбей эле депутатты ашатып сөгүп жатканын билдиришти. Маалыматка таянсак, окуя былтыр апрель айында Өзгөн шаарында болгон. 
"Депутат Өзгөндүн борбордук базарында машинасын унаа токтотуучу жайга токтотуп, түшүп баратканда МАИ кызматкерлери келишкен. Алар күбөлүгүн көрсөтпөй же өздөрүн тааныштырбай туруп документ сурашкан. Мыйзам боюнча, документ сураган орган кызматкери алгач өзүн тааныштырышы керек. Депутат Акылбек Султанов алардан өздөрүн тааныштырууну сураганда “форманы көрбөй турасыңбы, көрсөт дегенде көрсөт” деп опузалаганга чейин барышкан. Бул окуя боюнча Акылбек Султанов өз маалында тиешелүү жетекчилерге кат менен кайрылган. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев депутаттын кайрылуусуна 2014-жылдын 23-майында №23-137-катынын негизинде жооп берген. Анда бул окуя иликтенип, Өзгөн райондук жол-кайгуул кызматынын майору Г.Тешебаевге эскертүү берилип, милициянын капитаны К.Мамадилаевге сөгүш жарыяланган. Жогорудагы кызматкерлер депутатка орой жана мыйзамсыз мамиле кылышканы үчүн ушундай жазага тартылышкан. Белгилеп кетүүчү жагдай, бул иш боюнча аталган кызматкерлер да жетекчиликке кайрылышкан. Көз карандысыз териштирүү учурунда
жол-көзөмөл кызматкерлеринин күнөөсү аныкталган",
- деп айтылат маалыматта. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
patriot_jigit
2015-08-26 23:58:34
уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат деген ушул турбайбы ээ
-1
nur_92
2015-08-27 00:59:13
Уволить нада
+1
88inara88
2015-08-27 02:21:34
МАИ кызматкерлерине катуу чара коруш керек ал го депутат экен карапайым калкты ошентип соксо унчукпай кала берет эле да.дайыма озгондон отуп баратып текшеришет уялбай дагын обедке таштапкет деп айтканычы бербесен жок жерден причина издеп башташат.бут соодада иштегендер кара суудан товар ташышат,озгон жолу менен отот товарларды ачкыла не бар деп туруп алышат.товарды копчулугу портерде ташыгандыктан ар бир портертен 1000-3000 мин сомго чейин алышат.
+1
ere
2015-08-27 09:26:09
карим ушуну кормок озу, Туну жезли жок ышкырып токтотушат токтобой койсон качып кеттин дешип опузага алышат. кыскасыадилетсиз иштешет иштен кеткени ырас болсунда
+2
aiba91kg
2015-08-27 10:19:51
Чынында Озгондун МАИ лери кооп кеткен.
+2
aiturgasha
2015-08-27 12:51:46
биз да бир жолу озгондо жолдун чекесине токтой коюп МАИчилер менен 2 сааттан ашык убакыт тартышып , штраф толоп кеткенбиз. чынында токтогонго болбойт деген эч кандай знак жок болчу озу
+1
Arti
2015-08-27 13:54:49
Булар кичине иш кылса ал каралат, байкуш кембагалдардыкы жылдап каралбай эле унутта калат.
0
lizka.14
2015-08-27 13:56:18
Кимге
0
shah_85
2015-08-27 14:10:50
Жазасын алса жакшы Рахмат ошол эл окулуно, бирок мен дагы деле коргум келбейт ошол ГАИлерди бир отоло жумуштан кетирип салса болмок экен.
0
kubasel
2015-08-27 14:29:05
Может вообще люстрацию сделать в гаи. Полностью почистить надо.
0
kubasel
2015-08-27 14:30:05
Депутаты тоже обалдели. Ну ничего скоро они тоже уйдут.
0
vassabi
2015-08-27 14:33:38
кыргызстанда мыйзам акчан болсо гана иштейт. Карапайым элге кыйын. Акчан болсо танкасын, акчан болбосо манкасын.
0
admin_portal
2015-08-27 15:18:19
lizka.14, саламатсызбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сунуш, суроо же сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
kursik
2015-08-29 12:27:28
Ха ха ха ГАИ куйуп кетиптир го,ал депутат болсо ошонун айтканы болот да.Видеосун кордум озу бул депутаттын оозу бузук турбайбы жаман согунот ко ГАИлер согунгонун укпадым.Эл окулу ушундай согунуп жатса калганынан эмне кутсо болот билбейм.
0
aydarken
2015-08-29 17:43:34
Видеосун кайдан корсом болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан