Жылнаама, 30-август: Мындан 57 жыл мурун куудул Күмөндөр Абылов туулган

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы куудул Күмөндөр Абылов Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы Маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы Театралдык институтунда театр жана кино актёру бөлүмүндө сырттан окуган. 2000-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган. Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы "Жылдын мыкты актёру", 1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.
 
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Спортко эмгеги сиңген чебери, КРнын Эмгек сиңирген спортчусу, КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы ЖКнын депутаты Орзубек Назаров Кант шаарында туулган. 
Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Жаш кезинен спорттун бокс түрүнө кызыгып, машыга баштайт. 16 жашында СССРдин Спорт чебери, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жеткен. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин 4 жолку жеңүүчүсү, Европанын 2 жолку, СССРдин 3 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун 3 жолку байге ээси, 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон. Профессионалдык рингде Япониянын 5 жолку чемпиону, Азия менен Океаниянын 6 жолку чемпиону, Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону болгон. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 беттеште нокаут менен). Ал өкмөттүк грамоталар, баалуу белектер, Даңк медалы менен сыйланган.
* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы 5 күнгө созулган “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты аяктаган. Бул саамалык Кыргыз Республикасын дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу тааныткан. Улуу тойдо театрлаштырылган оюн-зоок программалары, улуттук оюндар көрсөтүлүп, 69 мамлекеттен келген делегаттар катышышкан. Тойдогу азем-салтанаттын башкы режиссёрлук милдетин кыргыз элинин чыгаан инсаны Болот Шамшиев аткарып, сценарийин белгилүү драматург Бексултан Жакиев жазган. 
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы борбор шаардын "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын эркиндигин даңазалаган “Эркиндик” эстелиги ачылган. “Эркиндик” 1999-­­жылы скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалып, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган. Бийиктиги 11 метрдик колодон жасалган эстеликте кыргыз калкы кылым көксөгөн эркиндик символу Эне образы аркылуу берилген. Анда аял сол колунда боз үйдүн түндүгүн көтөрүп турган. Айкелдин негизинде шар орун алып, ал дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын белгиси болгон. 
Ал коюлган күндөн тартып талаш-тартышты жаратып келген. "Эркиндик" эстелиги 2011-жылы 28-июлда алынып, анын ордуна Манас баатырдын айкели орнотулуп, анын ачылышы 30-августта болору кабарланган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп 79 жашында каза тапкан. 
Игорь Кваша 1933-жылы 4-февралда Москвада туулган. Ал роль жараткан тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алып бара баштаган.
30-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан